Royal
SerepTV Logo

"Буюмдары көл жээктен табылган". Ысык-Көлдө 22 жаштагы жигит изделип жатат

"Буюмдары көл жээктен табылган". Ысык-Көлдө 22 жаштагы жигит изделип жатат

24-январь күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде 22 жаштагы жигитке таандык буюмдар табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу, курамында 3 суучул менен РИИБден 5 кызматкер тартылып, суу алдында издөө иштерин жүргүзүштү. Бүгүн кайрадан ӨКМдин 21 куткаруучусу, РИИБдин 19 кызматкери, Кум-Бел айыл өкмөтүнөн 5 адам 6 топко бөлүнүп, көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүүдө.
width="267" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">