Abank
SerepTV Logo

БШК: "Кайра шайлоонун дайындалышына негиз жараткан жаран кайра шайлоого катыша албайт"

БШК: "Кайра шайлоонун дайындалышына негиз жараткан жаран кайра шайлоого катыша албайт"
"Кайра шайлоонун дайындалышына негиз жараткан жаран кайра шайлоого катыша албайт". Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

16-июнда БШК Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоо 28-майда өткөн. Эгерде шайлоо жараксыз деп табылса, Борбордук шайлоо комиссиясы бир айдын ичинде кайталап шайлоону дайындайт, ал эки айдын ичинде өткөрүлөт. Ленин районунда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

Эске салсак, мандатын тапшырган мурдагы депутат Жаныбек Абиров кечээ өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып, катталуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/janybek-abirovdun-lenin-okrugu-boyuncha-shailoogo-katyshuuga-nieti-barby-ozynyn-joobu/">берген. Алардын арасында Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууга болгон ниети тууралуу билүүнү каалагандар болгон. «Мага 1 жума мурун Ленин районунун жашоочулары кайрылган. Азыр ойлонуп жатабыз. Команда, үй-бүлөдө сүйлөшүү болуп жатат. Бул чечим оңой болбойт",- деген ал.