Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигит. ИИМ жарыялаган видео 2 жыл мурунку болуп чыкканы маалымдалды
ИИМ резонанстуу окуя боюнча жарыялаган видео 2 жыл мурунку болуп чыкты. Бул тууралуу "Спутник" жазды.
Бүгүн, 14-августта ИИМдин маалымат кызматы Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру катары видео жарыялаган. "Бирок ал видео эски экенин байкадык. Ушул эле роликти эки жыл мурун Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы YouTube-каналына жүктөгөн. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Байкасаңыз, видеонун башында эски кадрды колдонуп, аягына Бостеридеги окуяга шектүүлөрдүн сүрөтү коюлган", - деп айтылат маалыматта.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден архивдик видео колдонулганын айтышты. "Кармоо учуру түндө өткөрүлгөндүктөн, кадрларда кармоо учуру жакшы көрүнбөй калган. Ал эми Бостеридеги эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөр кармалган", - дешти облустук милициядан.