Abank
SerepTV Logo

Боом капчыгайында өрт чыкты (видео)

Боом капчыгайында өрт чыкты (видео)
Боом капчыгайындагы “Кербен” кафесинин аймагында жол жээгиндеги бадалдар менен электр мамылары өрттөнүп жатат. ӨКМ маалымат таратып, Тоң районундагы Көк-Мойнок 2 айылында токойдон өрт чыкканын, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 2 бөлүм, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 28 куткаруучу, Токой чарбасынан 16 кызматкер, саат 14:40та кошумча Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1 бөлүм тартылганын билдиришти. Ал эми Боом капчыгайында жайгашкан "Кербен" кафесинин аймагындагы токойдон чыккан өрт саат 14:10до өрт чектөөгө алынган.