Royal
SerepTV Logo

"Болгону 3 күн". Улуттук госпиталда МРТ акысыз жүргүзүлөт

"Болгону 3 күн". Улуттук госпиталда МРТ акысыз жүргүзүлөт
22-24-ноябрда Улуттук госпиталда МРТ акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Акысыз диагностикага жазылуу үчүн: • ҮДТ/ҮМБнын дарыгеринин жолдомосу; • Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө ач карын баруу керек. Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алууга төмөнкү телефон аркылуу жазылсаңыз болот: 0 709 90 55 11. Нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы Эрмекова Салия Кулназаровна.