Abank
SerepTV Logo

Блогер Варламов Кыргызстанда жашоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин санады

Блогер Варламов Кыргызстанда жашоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин санады
Блогер Илья Варламов Кыргызстанда жошоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин санады. "Учурда көпчүлүк жарандар кайда көчүп кетүүнү билбей жатышат. Эмне үчүн Кыргызстанга эмес. Мен кемчиликтери жана артыкчылыктарын айтып берейин", - деп жазды ал. Артыкчылыктарын санады:
  • Укмуштуудай табият. Швейцарияга окшош. Эгер тоону, көлдү, токойду жакшы көрсөңөр бул жакка келсеңер болот;
  • Боорукер жана жардамын аябаган адамдар. Бул жерде ачка жана үйсүз калуу мүмкүн эмес. Ар дайым жардам беришет. Эң негизгиси өлкөнү “Киргизия” деп атабоо керек;

  • Борбордук Азиядагы эң демократиялуу жана эркин өлкө. Диктаторлор жок! Мурдагы президенттер, мэрлер камакта. Дээрлик Түштүк Кореядагыдай;

  • Тил менен эч кандай көйгөй болбойт – баары орусча сүйлөшөт. Орусия менен Кыргызстандын көптөгөн документтери бири-бирине жарай берет. Мисалы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар;

  • Баары абдан арзан жана даамдуу! Жеткиликтүү баада кеңсе жана турак жайларды ижарага алуу. Юридикалык кызматтар жана медицина Орусияга караганда 5 эсе арзан;

  • Бизнести каттоо оңой, салыктары аз. IT-тармагында иштегендер үчүн “санариптик көчмөн визасы” бар;

  • Жергиликтүү банктар орустар үчүн карталарды оңой ачышат;

  • Деңиз жок, бирок Ысык-Көл бар. Ал эми Ысык-Көл болсо деңиздин эмне кереги бар?

  • Жаштары мыкты, баары активдүү өнүгүп жатышат;

  • Бишкекте эриге баштасаң, Алматыга машина менен 4 саатта эле жетесиң.
Кемчиликтерин санады:
  • Шаарлар 90-жылдарда калып калган. Кооптуу жана ыңгайсыз. Тышкы жарнактарда көйгөй бар;
  • Нормалдуу коомдук транспорт жок. Жол тыгын.
  • Чоң шаарларда экология начар. Бишкекте дем ала турган таза аба жок, анткени унаалардын көбү эски жана эч кандай стандартка жооп бербейт.
  • Жөө жүргүнчүлөрдү сыйлашпайт. Тоскоолдуксуз чөйрөнү унутуңуз;
  • Архитектура жагынан, өзгөчө тарыхый жактан баары абдан кейиштүү;
  • Аэропортту жаңыртса болмок.