"Бизге намыс керек". Депутат көчмөндөр оюндарындагы көк бөрүгө аттар жиберилбегенине нааразы болду
Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталганы жатат. Кыргыздар үчүн улак тартыш бул өтө маанилүү. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бирок ошол оюнга биздин аттар барбай калыптыр. Улакта 70-80 пайыз ролду ат ойнойт. Ал эми Казакстан алып барат экен. Биз ойногон оюнду дүйнө көрөт. Түркиядан ат алышат экен. Алар оюн бере албайт да. Алар учак таап берүүнү суранып жатышат. Бизге намыс керек, чечип бергиле", - деди ал.
Буга чейин Маданият министрлиги Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага аларын билдиришкен. «Көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунун расмий мелдеш катары кирүү тууралуу маалыматты түрк тарап кеч бергендиктен, авиакомпаниянын Кыргызстанга кайтып келүү убактысын башкалар алып кетишкен. Андыктан жылкыларды кайра Кыргызстанга алып келүү эки жумадан ашык убакытты талап кылат», — деп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sport-kabarlar/dyinolyk-kochmondor-oyundarynda-kyrgyzstan-kok-bory-ychyn-attardy-ijaraga-alat/">деп түшүндүрүшкөн.