Бишкектин түштүк райондоруна түнү суу берүү токтотулат
Бишкектин түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле “Ынтымак” жана “Ала-Арча” конуштарында ичүүчү сууну берүү саат 23:00дөн саат 06:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">
"Бишкек шаарындагы ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардын түштүк бөлүгүнө түнкүсүн суу берүүнү токтотууга аргасыз. Бул каланы туруктуу суу менен камсыздоо үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарылдыгынан келип чыккан чара", - деп айтылат маалыматта.