Abank
SerepTV Logo

Бишкектин мектептеринде кадимки коңгуроонун ордуна эми комуздун күүсү жаңырат

Бишкектин мектептеринде кадимки коңгуроонун ордуна эми комуздун күүсү жаңырат
Бишкектин мектептеринде кадимки коңгуроонун ордуна эми комуздун күүсү жаңырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Долбоор азырынча №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99 жана 100 мектептерде иштейт.

Билим берүү уюмдары окуучуларды кыргыз элинин тарыхы, адабияты, каада-салты менен тааныштыруу максатында Нурак Абдрахманов, Асылбек Насридинов, Закирбек Дүйшөналиев сыяктуу залкар композиторлордун жана комузчулардын күүлөрүн тандап алышкан.