Abank
SerepTV Logo

Бишкектин четинде кулаган тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкектин четинде кулаган тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкектин четинде аскердик тик учактын кыйрашынан жабыркагандардын абалы боюнча журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.

Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду, калгандары көзөмөлдө калышууда. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.

Кечээ, 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkektin-chetinde-kulagan-tik-uchak-4-adam-jandandyruu-bolymyndo-ekoonyn-abaly-oor/">каза болду.