Abank
SerepTV Logo

Бишкектин борборунда эртең унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектин борборунда эртең унаа кыймылына чектөө киргизилет
Бишкекте 31-декабрда майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кечки саат 18:00дөн түнкү 01:00гө чейин Чүй проспектисинин "Ала-Тоо2" аянтынын Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Айдоочулардан айланма каттамдарды алдын ала тандап алуу сунушталат.