Бишкектен Лахор шаарына жумасына бир жолу авиакаттам ачылды
«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Авиакомпанияга караштуу учак Пакистандын эң ири шаарларынын биринде 30-августта конгон.
Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.