Бишкектеги митинг өтүп жаткан жерге милициянын автобустары алып келинди
Бишкектеги митинг өтүп жаткан жерге милициянын автобустары алып келинди. Укук коргоо органдары журналисттерге транспорт өздүк курам үчүн жеткирилгенин, митингчилерге каршы иш-аракеттер болборун билдиришти.
Ал эми чогулгандар өз нааразычылыгын улантышууда.
Бүгүн, 13-июнда жеке ишкерлер кассалык аппаратка каршы митингге чогулду. Алардын саны көбөйүп жатканы да айтылган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-kassalyk-apparatka-karshy-miting-chogulgandar-akylbek-japarov-menen-joluguunu-talap-kylyshuuda/">айтылган. Чогулгандар Акылбек Жапаров менен жолугууну талап кылып жатышат.