Бишкектеги мектептердин биринде окуучу кыз 2-кабаттан боюн таштап жиберди
Бшкектеги №9 мектептин 9-классынын окуучусу 13-сентябрда мектептин 2-кабатындагы терезеден боюн таштап жиберген.
Борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, буга кыз менен анын апасынын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Тез жардам кызматы биринчи медициналык жардам көрсөтүп, кыз шаардык балдар ооруканасына жаткырылды. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталган.