Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
Кечээ, 8-майда социалдык тармакта Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маалыматты тастыкташты. "8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес.  Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат", - дешти.