Бишкектеги кайсы базарлар ижара акысын канча пайызга арзандатты?
"Аламүдүн" базары Министрлер кабинетинин салык реформасын колдоо менен каржылык жүктү жеңилдетүү жана санариптик экономикага пландуу өтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшөрүн билдирип, базардын жетекчилиги ижарачылар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон көптөгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча ижарачыларды жеңилдетилген шарттарда колдоо жана базардын соода аянттарын ижарага алууда 30 пайыздан 50 пайызга чейин арзандатуу боюнча чечимге келишкенин билдирген.
«Оберон» да Министрлер кабинетинин салык реформасын колдоо менен, «Оберон» соода жана оюн-зоок комплексинин жетекчилиги ижарачыларды жеңилдетилген шарттарда колдоо жана соода аянттарын ижарага алууда 20 пайызга чейин жеңилдик берүү чечимине келишкен.
"Кербен" базары да салык саясатын колдоп, ижарачыларды жеңилдетилген шарттарда колдоо жана соода аянттарын ижарага алууда 30 пайызга чейин жеңилдик берүү чечимине келишкен.
"Дордой" базары да салык саясатын колдоо максатында, дүң соода дүкөндөрүндө ижара акысы 2 эсеге төмөндөтүлө турганын ал эми, чекене катарларда ижара акысы 30 пайызга төмөндөрүн билдирди.