Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Элебесов көчөсүн бойлой асфальт-бетон заводунан Келечек конушундагы айланма жолго чейин капиталдык оңдоону баштады.

Бул көчөнүн узундугу 1300 погон метр, ал эми жолдун туурасы 6 метр. Тротуар жана ирригациялык тармагы орнотулат. Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана жер кыртышын даярдоо иштери башталды.

12 даана электр тармактарынын жана телефон мамыларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо, 7 кудукту алуу, жолдо жана тротуарда тосмо таштарды, арык лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу пландаштырылууда.