Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги дагы бир базардын соодагерлери митингге чыгышты

Бишкектеги дагы бир базардын соодагерлери митингге чыгышты
Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, катуу суукка, ооруга карабай күнү-түнү иштешет, ал эми мамлекет аларга жардам бербейт. «Эми эч ким түшүнбөгөн кассалык аппараттарды киргизүүнү чечишти», - деп нааразы болушат алар. Алар да патентти калтырууну суранышууда. Чогулгандарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен «Дордой» базарларынын ээси, ишкер Аскар Салымбеков барганы айтылды.