Бишкектеги Ботаникалык бакта жоогазындардын фестивалы өттү (сүрөттөр)
Ботаникалык бакчанын гүл жана декоративдүү өсүмдүктөр лабораториясында 12-апрелде жоогазындардын фестивалы болуп өттү.
«Кыргызстандын жаратылышында жоогазындын 25 түрү бар. Анын ичинен 11 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине кирген, 8 түрү эндемик. Кыргызстандын жаратылышында кездешүүчү 25 түрдүн 20 түрү Ботаникалык бактын коллекциясында өстүрүлөт. Бакчада жалпысынан жоогазындын 30 түрү өстүрүлөт. Жапайы жоогазындын айрым түрлөрү Кыргызстанда гана кездешет, дүйнөнүн башка эч бир жеринде кездешпейт», - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174457,174458,174459,174460,174461,174462,174463,174464,174465,174466,174467"]