Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги бала бакчада эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылды

Бишкектеги бала бакчада эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылды
Бишкектеги бала бакчада күйүп калган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-январда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына бишкектеги 11-кичи районундагы бала бакчада эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция маркумдун 1971-жылы туулгандыгын аныктаган. Ал бала бакчада күзөтчү болуп иштеген. Денесинде криминалдык тактар байкалган эмес.