Бишкектеги атайын тилкеде автобус эле эмес, бардык унаалар жүрө алат. График бекиди
Эми унааларга белгилүү бир убакытта атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
27-декабрдан баштап Бишкек шаарында менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт ээлерине коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Ошентип, коомдук транспорт үчүн атайын тилкеде бардык унаалар үчүн кыш мезгилинде - 20:00дөн 8:00гө чейин, калган мезгилде - 21:00дөн 7:00гө чейин жүрүүгө уруксат берилет.