Бишкектеги "Аламүдүн" базарынан өрт чыкты (видео)
Кечээ, 22-февралда Бишкек шаарынын "Аламүдүн" базарынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо 20:07де чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлгөн.