Abank
SerepTV Logo

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды (сүрөт)

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды (сүрөт)
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.  Калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомго тастыктама жана азык-түлүк корзина тапшырды. 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="157981,157982,157983,157984"]