Бишкекте В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат
Борбор калаада В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Свердлов районунда В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле калкты тестирлөө жана АИЖВ, ГВВ, ГСВ алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү "газон" көчмө дарылоо-профилактикалык комплексинин (КДПК) базасында жүргүзүлөт.
14-ноябрдан 24-ноябрга чейин Курманжан-Датка – Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишиндеги "Аламүдүн базарынын" аймагында текшерүү, эмдөө жана дарыгерден кеңеш алууга болот.