Royal
SerepTV Logo

Бишкекте унааларга атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет, бирок график менен

Бишкекте унааларга атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет, бирок график менен

Бишкекте унааларга атайын тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу журналисттерге мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар атайын бөлүнгөн тилкеде саат 20:00дөн 7:00гө чейин жүрө алышат. «Биз азыр тиешелүү жол белгилерине буйрутма бердик. Аларды орноткондон кийин айдоочулар ал тилкеде айдай алышат», - дейт ал.