Abank
SerepTV Logo

Бишкекте унаа токтотуучу жайларга электрондук система киргизилет

Бишкекте унаа токтотуучу жайларга электрондук система киргизилет
Бишкек мэриясы 18-декабрдан баштап борбор калаада унаа токтотуучу жайларды уюштурууга заманбап технологияларды киргизүү максатында шаардык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштерди баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул иш-чаралар Токтогул - Тыныстанов - Фрунзе - Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда тест режиминде башталат. Жаңы ыкма Бишкек мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт. Пилоттук долбоордун негизги максаты – мобилдик капчыктар жана банктык төлөм системалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын иштешинде программалык камсыздоону сыноо.