Abank
SerepTV Logo

Бишкекте улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Туугандары изделип жатат

Бишкекте улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Туугандары изделип жатат
19-августта милицияга Бишкектеги 5-кичи райондогу үйлөрдүн биринде аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Жерине барган милиция 1939-жылы туулган аялдын жансыз денесин тапкан. Аны кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Аталган факты каттоого алынган. Соттук-медициналык эспертиза дайындалган. Учурда анын туугандары изделип жатат.