Royal
SerepTV Logo

Бишкекте уксус ичип алган 9 айлык наристени сактап калган жол тескөөчүлөр сыйланды

Бишкекте уксус ичип алган 9 айлык наристени сактап калган жол тескөөчүлөр сыйланды
Бишкек ШИИБдин жетекчилиги кичинекей шаар тургунунун өмүрүн сактап калган үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин сыйлады. 11-мартта милиция кызматкерлери Кубаныч Абдыкулов жана Мирлан Таалайбеков нөөмөттө болушкан. Ошол маалда аларга борбор калаанын жашоочусу Рамазан аттуу кичинекей баласы үйүндө кокусунан уксус кислотасын ичип алгандыктан жардам сурап кайрылган. Ошол замат инспекторлор аялды жана анын уулун отургузуп алып, №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткиришкен. Маалым болгондой, учурда баланын абалы канааттандырарлык. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кынтыксыз кызматы, эрдиги, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, милиция кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды. Мындан тышкары, Бишкек ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановду куттуктап, куттуктоо баракчасын тапшырды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="232887,232888,232889"]