Abank
SerepTV Logo

Бишкекте Түркияда жабыркагандарга гумжардам чогултулуп жатат. Даректер

Бишкекте Түркияда жабыркагандарга гумжардам чогултулуп жатат. Даректер
Бишкек шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Даректер:
  • Биринчи май району: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дарегиндеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;
  • Ленин району: Чүй проспектиси № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;
  • Октябрь району: Байтик-Баатыр көчөсү №17 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;
  • Свердлов району: Чүй проспектиси №28 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.