Бишкекте төрөлгөн үч эмдин үй-бүлөсүнө 90 миң сом берилди
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров июль айында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Ал 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
27-июль күнү Шаардык перинаталдык борбордо Нурзада Сатымкулова аттуу аял көз жарган. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай ысымдары коюлган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="135185,135186"]