Abank
SerepTV Logo

Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады (сүрөт)

Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштей баштады (сүрөт)

Борбор калаада таштанды иргей турган пункт иштей баштады. Пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи Май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган", - деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="157218,157219"]