Royal
SerepTV Logo

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

Тез татым жайларынан уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. «Балким, бүгүн айрымдары амбулатордук дарыланууга чыгарылат», - дешти. 

1-октябрда борбор калаанын Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын 15и Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Кардарлар ууланган тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkekte-shaurmaga-21-kishi-uulanyp-anyn-15i-oorukanaga-jatkyryldy/">жабылган.