Бишкекте өспүрүмдү арыкка жыгыта чапкан айдоочу жумуштан кетти
Бишкекте өспүрүмдү арыкка ыргыта муштаган №173 маршруттук таксинин айдоочусу иштен кетти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
"№ 173 каттамдын айдоочусу менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган. Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду. Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармакка маршруттук таксинин айдоочусу эшикти катуу жаап салгандыгы үчүн өспүрүмдү муштап" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/aidoochu-ospyrymdy-arykka-yrgyta-chapty-bishkekte-173-kattamdyn-aidoochusunun-videosu-tarady-video/">муштап салганы айтылган.