Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифтер көтөрүлөт. Токтом долбоор талкууга коюлду
Учурдагы тарифтер насостук-энергетикалык жабдууларды, жүк ташуучу жана атайын автотранспортторду талаптагыдай иштетүүгө жана модернизациялоого, суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык, учурдагы жана авариялык оңдоого мүмкүндүк бербейт.
Тарифти жогорулатуу (долбоор); Суу менен камсыздоо (1 куб метр үчүн, салыксыз):
Калкка - 10,45 сом;
бюджеттик уюмдарга — 12,95 сом;
Башка керектөөчүлөргө – 18,5 сом.
Канализация (1 куб метр үчүн, салыксыз):
Калкка - 3,45 сом;
бюджеттик уюмдарга — 4,5 сом;
Башка керектөөчүлөргө – 9 сом.
Мэрия үй ичиндеги суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөө үчүн да тарифти көтөрүүнү пландап жатат. Учурдагы жылына бир чарчы метр үчүн 10,2 сом болгон акыны 15,1 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.