Royal
SerepTV Logo

Бишкекте милиция сүрөттөгү жарандын туугандарын издеп жатат

Бишкекте милиция сүрөттөгү жарандын туугандарын издеп жатат
Бишкектин Ленин райондук милициясы сүрөттөгү жарандын аты-жөнүн тактоо үчүн туугандарын издеп жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

"Мыйзамсыз аракеттин жагдайын тактоо үчүн сүрөттө көрсөтүлгөн адамды тактоого жарандардан жардам сурайт. Сүрөттөгү адамды тааныгандардын бардыгын Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 352-632, 0(700) 482-805 же 102 телефондору аркылуу байланышууну суранабыз", - дешти.