Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон аныкталды
16-17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна/кеңселерге текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон/кеңсе аныкталып, 84 миң сом айып пул салынган.
"Аталган косметология мекемелери лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн",- дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="214396,214397,214398,214399"]