Royal
SerepTV Logo

Бишкекте кырдаал өз жайына келип калганын мэриядан билдиришти

Бишкекте кырдаал өз жайына келип калганын мэриядан билдиришти
Бишкекте электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин жаралган кырдаал кайра өз жайына келип калды. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. "Бишкек суу канал" бардык насосторду иштетип, суу заборлору штаттык режимге түштү. "Түндүк электр" шаарга керектүү көлөмдө электр энергиясын берди. Бишкек ЖЭБинде жылытуу калыбына келтирилди, бүгүн шаар тургундарынын билдирмелерине жараша иштер жүргүзүлөт. "Бишкек жылуулук энерго" штаттык режимде иштеп жатат жылуулук жана жылуу суу берүү калыбына келтирилди.