Бишкекте курчоого алынган бир нече имараттан бомба табылган жок
Бүгүн, 19-октябрда саат 08:40 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Жогорку Соттун, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң «Азия Молл», «ЦУМ-Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплекстери, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имаратында дагы бомба бар деп болжолдонгон билдирүүлөр түшкөн.
Жогорудагы фактылардын негизинде райондук башкармалыктардын жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышкан. Имараттардын ичиндеги жарандар эвакуацияланып, аймактар курчоого алынган. Ошондой эле ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Саат 14:40 чамасында түшкөн малымат боюнча, кинологдор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жогоруда аталган имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.