Бишкекте кулаган тик учак. Үч аскер кызматкерине операция жасалды
Аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган 3 аскер кызматкерине операция жасалып, ден соолугунун абалы туруктуу-оор деп бааланып жатат. Жакшы көрсөткүчтөр бар. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө 6 аскер кызматкери Тез жардам клиникалык госпиталында, үчөө Улуттук госпиталда, бир аскер кызматкери Коргоо министрлигинин аскер госпиталында дарыланып жатат.
17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkektin-chetinde-kulagan-tik-uchak-4-adam-jandandyruu-bolymyndo-ekoonyn-abaly-oor/">каза болду.