Бишкекте бүгүн казиного каршы акция өтөт
Жогорку Кеңеште каралып жаткан казиного уруксат берүү мыйзам долбооруна каршы бүгүн, 22-июнда Бишкекте тынчтык акциясы өтөт. Ал саат 10:00дө Ак Үйдүн астында болот.
"Казиного уруксат берүү - Кыргызстаныбыздын келечегине, жаштарыбыздын, кыздарыбыздын жаркын, таза өмүрлөрүнө балта чабуу", - дейт жарандык активист Эртай Искаков.
Буга чейин Ош шаарында казиного каршы митинг өткөн.