Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жүргүнчү маршруткага 15 миң сомдой бар капчыгын түшүрүп алган. Айдоочу жигитти таап, акчасын кайтарып берди (видео)

Бишкекте жүргүнчү маршруткага 15 миң сомдой бар капчыгын түшүрүп алган. Айдоочу жигитти таап, акчасын кайтарып берди (видео)
Бишкектеги №100 маршруттук кичиавтобустун айдоочусу транспортто түшүп калган капчыкты жүргүнчүгө кайтарып берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.  Капчыктын ээсин табуу үчүн №100 кичиавтобустун айдоочусу Нургазы Мустапаев бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонгон: ал айдоочулардын жумушчу тобуна кат жазып, бөлүштүрүүнү суранган жана капчыктын ээси табылган. Капчыктын ичинде 14 миң 800 сом болгон. Жигит өз кезегинде айдоочуга сыйлык катары акча берген.