Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жол киренин көтөрүлүшү боюнча шаар мэри үн катты

Бишкекте жол киренин көтөрүлүшү боюнча шаар мэри үн катты

Тарифтерди көтөрүү долбоору учурда коомчулукта талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтылууда. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

«Түшүнүңүздөр, президентибиз автобустарды 100 миллион долларга сатып алганда, транспорт ишканалары кирешелүү болушу керек. Биз азыр эң жакшы вариантты карап жатабыз. Жакынкы арада Бишкек шаардык кеңешинин жыйынына алып чыгып, депутаттар ошол жерден чечим кабыл алат. Сумма талкуудан кийин жарандарыбыздын пикирин эске алуу менен бекитилет. Менимче, депутаттар да ар кандай ой-пикирлерди айтып, эң оптималдуу вариантты кабыл алышат», - деди мэр.