Abank
SerepTV Logo

Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленет? Мэриянын программасы

Бишкекте Жеңиш майрамы кандай белгиленет? Мэриянын программасы
9-майда Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 9-майда саат 10:00 Түштүк дарбазадан “Өлбөс полк-Кыргызстан” акциясы башталат. Марштын катышуучулары төмөнкү маршрут боюнча жүрүшөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов - Фрунзе көчөлөрү - Жеңиш аянты. Акциянын уюштуруучулары – “Өлбөс полк-Кыргызстан” кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы. Ошондой эле иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат. ЛЕНИН РАЙОНУ: 8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием жана гүл чамбарларды коюу өткөрүлөт. 9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат. ОКТЯБРЬ РАЙОНУ: 9-майда саат 18:00дө “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн “Жеңиш ырлары” аттуу концерт даярдалат. БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ: 1-майдан 5-майга чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүнүн мааракесин майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат. 8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. 9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт. СВЕРДЛОВ РАЙОНУ: 4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.