Бишкекте жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартты
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн өлкө аймагындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу жана профилактикалык иш-чаралардын алкагында, "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну радикалдык көз карашынан баш тарткан. Ал 2022-жылдан бери "Хизбут-Тахрир" уюмунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.
Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө ал тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.