Royal
SerepTV Logo

Бишкекте жаңы жылдык концерт саат 19:00дө башталат. Автобус жана троллейбус түнгө чейин жүрөт

Бишкекте жаңы жылдык концерт саат 19:00дө башталат. Автобус жана троллейбус түнгө чейин жүрөт
Бишкек шаарынын мэриясы 31-декабрда борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу жаңы жылдык программа даярдады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтында борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору менен улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт башталат. Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө 2024-жылкы Жаңы жыл түнү менен аяктайт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн автобус жана троллейбус каттамдары саат 00:30дан тарта каттайт. Жаңы жыл майрамына байланыштуу Чүй проспектиси боюнча Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин унаа кыймылы токтотулат.