Бишкекте Жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнкү 1ге чейин каттайт
Бишкекте Жаңы жыл түнү шаардыктардын жана коноктордун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт түнкү саат 1:00гө чейин иштейт.
Мэриядан билдиришкендей, 1-январдан тарта муниципалдык коомдук транспорт - автобустар жана троллейбустар атайын график боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле каттайт. 2-январдан тарта шаардагы бардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт.