Abank
SerepTV Logo

Бишкекте инспекторлор жумушка чакырылат. Талаптар жеңилдетилди

Бишкекте инспекторлор жумушка чакырылат. Талаптар жеңилдетилди
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы бош орундарга жарыялаган сынагы уланып жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Квалификациялык талаптар жеңилдетилди, алар: - талапкердин жаш курагы 19дан жогору, 30дан ашпашы керек; - билими жалпы орто билими болсо жетиштүү; - айдоочулук күбөлүгүнүн В, С категориясынын болуусу. Документтерди кабыл алуу Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүнүн 1А, дарегиндеги ЖКККББнын Кадрлар бөлүмүндө жүргүзүлөт. Байланыш телефондору (0312) 631275, нөөмөт бөлүмү (0312) 630900, (0312) 630901.