Бишкекте фейерверк аттыруу үчүн 800 миң сомдой сарпталганы жатат
Жаңы жылга караган түнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында фейерверк атылат. Буга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, фейерверк 7 мүнөттөн кем эмес убакыт бою аттырылып, анын бийиктиги 35 метрден 130 метрге чейин жетиши керек.
Өткөн жылы жаңы жылдык салют аттырылган эмес болчу.