Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция коомчулукка кайрылды
Бишкек ШИИБ жол кырсыктан кийин каза болгон жарандын жакындарын издейт.
Маалыматка караганда, 11-майда түндө 23 жаштагы жигит Гольф унаасы менен Горький көчөсү менен бара жатып, Минин көчөсүнө жетпеген жерде жолдо жаткан жарандын үстүнөн өтүп кеткен. Жол кырсыктан соң, 40-45 жаштар чамасындагы жаран эсине келбей жол ооруканада каза болгон. Аталган факты каттоого алынган.
Кийген кийими: көк жынсы, кара спорттук бут кийим, кара футболка.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө, эки кашынын ортосунда шрамы бар.
Сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 102-702 номурларына чалсаңар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="183794,183795"]