Royal
SerepTV Logo

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция жакындарын издейт

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция жакындарын издейт
21-июнь күнү Жибек Жолу менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун жакындарын издейт. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Жашы 30-40 жаштар чамасында, жансыз денеде криминалдык тактар байкалган эмес. Белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык, чачы сары кыска. Өзгөчө белгилери: сол бутундагы манжаларынын учу жок, ошол эле бутунун тизесинен өйдө татуировкасы бар.
Кийген кийими: кызыл футболка, кара-көк кофта, боз шым, көк түстөгү спорттук бут кийим. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, номурлар: 0 704 30-08-43, 0 776 17-15-15, 0 702 49-88-88.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="121081,121082,121083"]